Таласта кайгуул-күзөт кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Видео

УКМК жарандардан укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери боюнча факт болсо 0312-66-04-75 телефонуна кайрылууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Таласта пара алып жаткан жеринен ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын өкүлү, милициянын Б.у.Н. аттуу сержанты кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, милициянын сержанты Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан мезгил-мезгили менен акча алып турган. Ал УКМК кызматкерлеринин кылтагына пара алып жаткан жеринен илинген.
Атайын кызмат жарандардан укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери боюнча факт болсо 0312-66-04-75 телефонуна кайрылууну өтүнүп, анонимдүүлүккө кепилдик берилерин белгиледи.
Ошто бала бакча жетекчиси милицияга пара берип жатып кармалды. Сүрөт