Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШдагы экс-подполковник быйыл Украинанын жеңиле турганын божомолдоду

Украинага Батыштан канча курал-жарак берилбесин, анын жеңишине мүмкүнчүлүк жок экендигин айтып келе жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бул жылы Россия Украинанын куралдуу күчтөрүн толугу менен талкалап, жеңишке жетет. Мындай билдирүүнү АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис маектеринин биринде айтканын РИА Новости таратты.
"2024-жылда Батыш каалап жаткандай бул жаңжалды токтото турушат дегенге караганда, Россия андан жеңип чыгат деген ыктымалдуулук жогору. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн согушуу жөндөмдүүлүгү акырындап төмөндөп, ал эми Россия аскерлери күч алууда", — деп белгилеген ал.
Дэвис Киевге караганда Москванын аскердик потенциалы бир топ күчтүү болгондуктан бул жаңжалдын башында эле анын аягы кандай аяктаары белгилүү болгонун кошумчалаган. Анын пикиринде, Украинанын жеңиши үчүн Батыштын курал-жарагы эми жардам бере албайт.
"Биз Украинага канча курал-жарак бербейли, анда жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү эч качан болгон эмес", — деген Дэвис.
Украинанын жайдагы олуттуу контрчабуулу ишке ашпай калгандан кийин Россиянын аскерлери атайын операциялар жүргүзүлгөн аймактарда бараандуу жетишкендиктерди жасашты. 18-январда Россиянын Коргоо министрлиги атайын операциянын жүрүшү тууралуу маалымдап, анда россиялык аскерлер Донецк багытындагы Веселое айылын өз көзөмөлдөрүнө алышканын белгилеген. 21-январда Харьков облусундагы калк жашаган Крахмальное конушун бошотушкан. Мындан тышкары, Россия десантчылары Запорожье облусундагы маанилүү позицияларга жайгашып, андан кийин аталган аймакты каршылаштарынан тазалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин туңгуюкка кептелген абалы, Батыштын кечиккен жардамы