Радио

Токталиев: өрт коопсуздугу боюнча ишкерликке лицензия берилет

ӨКМдин өрт өчүрүү жана өрттү алдын алуу башкармалыгынын бөлүм башчысы Ренат Токталиев өрт коопсуздугу боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди.
Sputnik
Өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо киргизилүүдө. Бул тууралуу Ренат Токталиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул механизм мурда колдонулуп, бирок кийин токтоп калган.
"2024-жылдын 16-январында өрт коопсуздугу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирди. Ага ылайык, мындан ары өрт коопсуздугу боюнча документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүлөт. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактар ишке кирип жаткан имараттарга өрт коопсуздугу боюнча, өрттүн келип чыгуусуна корутунду ала алат. Мыйзамда курулуш жүргүзүп жаткан тараптар материалдарын өрт коопсуздугу боюнча сынап берүүгө тапшырык бере алары белгиленген. Ошондой эле өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ишти (сигнализация коюу ж.б.) лицензиялоо киргизилүүдө. Бул мурда колдонулуп келген механизм болчу, бирок кийин мыйзамдар өзгөрүп лицензия берүү токтотулган. Эми кайра калыбына келтирилип жатат. Учурда мыйзам алдындагы эреже, шарт, талаптары иштелүүдө. Мындан тышкары, өрткө каршы иш алып баруучу кызмат жаңы курулган имараттарды кабыл алууда өрт-техникалык экспертизанын аткарылышын көзөмөлдөй алат", — деди Токталиев.
Ошондой эле ал мыйзамда өрт коопсуздугу тармагындагы кызматкерлерди милдеттүү камсыздандыруу боюнча тактоолор киргизилгенин кошумчалады.