Жалгыз басып, тепкилебеңиз! ӨКМ муз үстүндө жүрүүнүн кооптуулугун эскертти

Калыңдыгы беш сантиметр муз чоң кишини көтөрө албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көлмөдөгү тоңгон муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин так сактоону суранып, аларды тизмектеп берди.
Муздун үстүнө кар жааганда, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо кырсыктын алдын алат.
ӨКМ төмөнкүлөрдү эскертти:
көлмөнүн үстүнө тоңгон музга эч качан жалгыз барбаңыз, канчалык калыңдыкта тоңгонун текшерүү үчүн тепкилебеш керек;
кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн;
калыңдыгы 5 сантиметр муз чоң кишини көтөрө албайт;
калыңдыгы 10 сантиметр болгон муздун үстүндө балык уулоого болот, бирок муз үстүндө басууга болбойт;
калыңдыгы 12 сантиметр музда кар унаасы (снегоход), 20-30 сантиметр музда жеңил машина, 30-38 сантиметр болуп тоңгон музда жүк ташуучу автоунаа жүрө алат.
Эске салсак, бир нече күн мурда Балыкчы шаарында өспүрүмдөр көлмөнүн жука тоңгон суусунун үстүндө муз тээп жатып түшүп кетишкен. Бактыга жараша, аларды куткарууга жетишип калышкан.
Ал эми Сокулукта бири-бирин куткарабыз деген үч окуучу сууга чөгүп каза болушту. Балдар муз тебүү үчүн көлмөгө барып, ошол жерде кырсыкташкан.
Колду чөнтөккө салып баспагыла! Тайгакта жыгылып кетпеш үчүн эске алчу эрежелер