БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкекте каза болгон кишинин паспортун казакстандык шылуунга пайдаланууга берди деген шек менен Октябрь райондук паспорттук-виза жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындан 24 жыл мурда көз жумган адамдын паспортунун жаңы "ээси" 39 жаштагы, Казакстанда каржы пирамидасын түзүүгө айыпталып, камакка алуу чечими сыртынан аныкталган шылуун болуп чыкты.
Казакстандык тартип сактоо кызматкерлери издөөгө алган бул киши видеокөзөмөл жасаган камеранын жардамы менен Бишкекте тузакка түшкөн.
"2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00 чамасында Бишкек ШИИБге караштуу Кайгуул милициясынын кызматкерлери видеокөзөмөл камераларды жана адамдын жүзүн таануу системасын көзөмөлдөө учурунда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны 1985-жылы туулган О.А.ны кармаган", — деп айтылат маалыматта.
Ал маркумдун паспорту менен жүргөнү кармалгандан кийин анык болгон. ШИИБдин маалыматы боюнча, коңшу өлкөлүк "конок" кыргызстандыктын паспортун мыйзамсыз алып бир нече жолу колдонгон. О.А. Бишкекте жүрүп да соттолууга жетишкен, баңгизат сактаганы үчүн 150 миң сом айыпка да жыгылган.
Ал эми маркумдун паспортуна экинчи "өмүр берген" паспорттук-виза жана каттоо бөлүмүнүн 43 жаштагы жетектөөчү адиси К.А. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.