Радио

Өлкөнүн кёрлинг боюнча эл аралык мелдештерде жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору

Кыргызстандын кёрлинг боюнча курама командасынын оюнчусу Бексултан Мырзабаев өлкөдө кёрлинг жаңыдан гана жанданып жатканын эске алганда буга чейинки жыйынтыктар жакшы экендигин айтты.
Sputnik
Кышкы спорттун башка түрлөрүнө салыштырмалуу кёрлингде ири мелдештерде жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Кёрлинг тактикалык оюн болгондуктан туура стратегия куруп, амалкөйлүк менен атаандашты утууга болорун Бексултан Мырзабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кёрлинг сырттан байкагандар үчүн оңой көрүнгөнү менен интеллектуалдык, психологиялык жактан даярдык керек.
"Бизде пол үстүндөгү кёрлинг боюнча балдар фестивалы өтүп, жөн гана ойноп көрөйүн деген максатта катышкам. Кёрлинг сырттан байкагандар үчүн оңой көрүнгөнү менен интеллектуалдык, психологиялык жактан чоң даярдык керек экен. Командалык оюн, туура даярдалган тактика зарыл. Ал эми муз үстүндөгү кесипкөйлөр арасындагы кёрлинг абдан татаал, кыйын оюн. Федерациянын көмөгү менен акыркы жылдары машыгунуу жакшыртып, Россияга окуу-машыгуу жыйындарына барып тажрыйба топтоп келдик. Ага чейин дүйнө чемпионатынын тандоо туруна катышып, тарыхы бай командалар менен күч сынашып, жакшы атаандаштык көрсөттүк. Негизи кышкы спорттун башка түрлөрүнө салыштырмалуу кёрлингде ири мелдештерде жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Анткени кёрлинг тактикалык оюн болгондуктан туура стратегия куруп, амалкөйлүк менен атаандашты утууга болот", — деди Мырзабаев.
Ошондой эле спортчу өлкөдө машыгуу аянтчалары аз болгондуктан массалык түрдө жайылтуу оор экендигин кошумчалады.