Бишкекте эртеңден тарта жол кире баасы өзгөрөт. Кимдер бекер жүрөт

Сазыкулов жол кире "көтөрүлдү" деген туура эмес экенин, ал болгону өздүк наркына туураланганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. 30-январдан баштап Бишкекте коомдук транспортто жол киренин жаңы тарифи күчүнө кирет.
Вице-мэр Максат Сазыкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргендей, жол кире 7 жашка чейинки балдарга бекер.
пенсионерлер, майыптыгы барлар (кызыл "Тулпар" картасы менен) автобус менен троллейбустарда акысыз жүрсө, маршруткага 8 сом төлөшөт;
окуучулардын жашыл "Тулпар" картасы 360 сом турат. Аны менен бир ай акысыз жүрүшөт;
чектөөсүз (лимитсиз) карта 1 020 сом турат, аны менен айына каалаганча жүрүүгө болот. Күнүнө 4-5 жолу каттаса, жол кире 5-6 сомдон айланат;
Сазыкулов жол кире "көтөрүлдү" деген туура эмес экенин, ал болгону өздүк наркына туураланганын белгиледи.
Эгер шаар тургуну коомдук транспортко жол кирени накталай берсе 20 сом, накталай эмес "Тулпар" картасы менен 17 сом, ал эми Mega тиркемеси менен төлөй турган болсо убактылуу 11 сом болот.
Бишкекке дагы жаңы 124 автобус алып келинди. Сүрөт