Бишкек: автоунааны токтоткон жайда акчаны электрондук түрдө төлөө башталды

Кызматты пайдалангандан кийин жарым айдын ичинде төлөбөсөңүз айыпка жыгыласыз.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбор калаада акы төлөнүүчү автоунаа токтотуучу жайдын электрондук системасы сынамык режимде ишке киргизилди. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты.
Автокөлүк токтоочу жайга кирери менен автоматтык түрдө анын мамлекеттик номери, токтогон жана жайды пайдаланган мөөнөтү жазылат. Акча MegaPay тиркемеси же parking.kg сайты аркылуу 15 күн ичинде төлөнүшү зарыл.
Мэрия анын жол-жобосун түшүндүрүп берди:
MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңыртуу керек;
"Кызматтар" бөлүмүн ачып, "Бишкек муниципалдык автоунаа токтотуу жайларын" тандап же маалымат тактасындагы QR-кодду сканерлөө зарыл;
автоунаанын мамлекеттик номерин киргизгиле (мисалы, 01555MGP);
төлөө үчүн автокөлүк токтотуу жайындагы эсепти тандоо;
төлөмдү ырастоо.
Мындан тышкары, экинчи төлөм ыкмасы бар:
сайтына кирүү керек;
биринчи жолу киргенде катталыңыз;
мамлекеттик номерди көрсөтүү жана сиз үчүн ыңгайлуу ыкма менен төлөө шарт.
Эгерде бул кызматты пайдалангандан кийин жарым айдын ичинде төлөбөсөңүз, анда айыпка жыгыласыз.
Эми мындай жайлар Киев — Тыныстанов — Фрунзе — Турусбеков көчөлөрүнүн чектешкен аймактарында иштей баштайт.
Мэрия Бишкектин чок ортосундагы унаа токтотмолорго сааттык төлөм киргизүүдө