БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкекте экинчи ирет Улуттук салык форуму өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, иш-чара 30-январга белгиленген. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышып, форумда салыктык башкаруу, санариптик технологияларды ишке киргизүү маселелери, ушул жылга карата пландары тууралуу маалыматтар берилери айтылды.
"Ишкерлер арасында өзгөчө кызыгууну жараткан Салык кодексинин ченемдери каралып, "СМАРТ Салым" долбоору жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу жолдору каралат", — деп жазылат кабарда.
Иш-чарада салык кызматкерлери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү интерактивдүү дискуссия өткөрүп, анда салыктык кызматтарды, электрондук салык сервистерин колдонуу тажрыйбасын жана салык сабаттуулугун жогорулатуу маселелери талкууланары кошумчаланды.