Тоого барып аман-эсен эс алып келем дегендер үчүн көңүлгө түйчү эрежелер

Татаал тоо маршруттарына даярданбастан, аба ырайын билбей туруп чыкпоо сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаратылыш койнунда, анын ичинде тоодо эс алып жүргөндө коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү экенин ӨКМ эскертти.
Алгач эле татаал тоо маршруттарына даярданбай, аба ырайын билбей туруп чыгууга болбой турганы айтылган. Ал эми кышында эс алуу базасынын лыжа тебүү тилкесинин коопсуздугун текшерип алуу сунушталды.

"Тоого кар калың түшкөн соң 2-3 күндөн кийин, туманда, төмөнкү температурада, кар көчкү жүрүүчү аймактарга чыгууга болбойт. Аба ырайы бузулганда, караңгыда, кечке жуук да чыкпаңыз. Тоодо күндүз же эртең менен сейилдеген оң", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле тоого чыкканда ичимдиктен баш тартып, соккудан коргой турган каска кийүү, дененин ачык бөлүктөрүн күнгө күйүүдөн, үшүккө алдыруудан сактоо үчүн кол кап жана бет кап тагынуу зарыл экенин айтышты.
"Тоону бойлой же таштан-ташка секирбей жай жылып түшүңүз. Карлуу эңкейиштерден эртең менен өтүү керек (күн жакшы тие электе). Катуу жамгыр, мөндүр жааса, аба ырайы төмөндөсө тоодогу жүрүштү токтотуу зарыл", — деп жазылган билдирмеде.
Мындан сырткары, тоодо жүргөндө күн күркүрөсө темир буюмдардан, дарактан, суу жээгинен алыс болуу керек, анткени булар чагылганды тартат.
ӨКМ: жер титирегенде эл катуу дүрбөлөң түшпөсүн деп сирена иштеткен жокпуз