БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Борбор калаада Улуттук госпиталдын дарыгерине бейтаптын тууганы кол салган. Бул туурасында Медицина кызматкерлеринин кесиптер бирлигинин башчысы Бермет Барыктабасова билдирип, анын видеосун жарыялады.
Окуя 2023-жылдын 30-декабрына караган түнү болгон.
Анын айтымына караганда, бейтаптын тууганына коюлган диагноз (инсульт эмес, сасык тумоо) жакпай, медикти чачтан алып, сабаган. Дарыгерди чуркап келе калган медайымдар арачалап, коргоп калган.
Видеодон кирип бара жаткан медицина кызматкерин баш кийимчен кыз чачтан алып, андан соң кол көтөрүп, сабаган. Дарыгерди чуркап келе калган медайымдар арачалап, коргоп калган.
Улуттук госпиталдын врачынын башынан жаракат алып, мээси чайкалганын айтышты. Окуядан бир айга чукул убакыт өтсө да врач катуу стрессте экени жана ооруканада иштегенден баш тартып жатканы маалым болду.
Барыктабасова тергөөчү процессти созуп, тараптардын жарашуусуна ыктап жатат деп жазган. Ал дарыгерге кол салды деп күнөөлөнүп жаткан кыздын январында башында Россияга качып кеткенин айтууда.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан тергөөгө чейинки иштер жүрүп жатканын, судмедэкспертиза дайындалып, милиция анын жыйынтыгына юридикалык баа бере турганын билдиришти.