Эми бишкектиктер транспорттун аялдамага келе турган убактысын биле алат

Бул үчүн ар бир аялдамага QR-коддор жайгаштырылат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Эми бишкектиктер керектүү транспорттун кайда экендигин жана күткөн жерге келе турган убактысын биле алышат.
Мэриянын маалыматы боюнча, коомдук транспорттун аялдамага келүү аралыгы жана болжолдуу убактысы тууралуу билүүгө мүмкүн болгон QR–коддор жайгаштырылууда.
"Ар бир аялдамада жайгаштырылган QR-кодду смартфондун камерасы же "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу сканерлөөгө болот. Аталган тиркеменин колдонуучулары борбор калаадагы автобустардын жана троллейбустардын иштөө убактысын да көрө алышат", — деп айтылат маалыматта.
"Менин шаарым" тиркемесин Google Play же App Store мобилдик дүкөндөрүнөн жүктөп же жаңылап алса болот.
Бишкекке дагы жаңы 124 автобус алып келинди. Сүрөт