БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкек менен Ош шаарында заманбап индия бийинин кечеси өтөрүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, иш-чара Бишкекте 1-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 18:00дө болсо, Ош шаарында 3-февралга белгиленген.
"Каалоочулар кечеге саат 18:00дө Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында күбө боло алышат", — деп айтылат маалыматта.
Маданий программа Кыргызстан менен Индиянын Маданият министрликтеринин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата маданий алмашуу программасынын алкагында ишке ашырылары кошумчаланды. Иш-чарага кирүү акысыз.