Трамп: Американын башына иш түшсө НАТО өлкөлөрү жардам берерине ишенбейм

Украинага жардам берүүдө АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн чыгымын теңдештирүү керектиги айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. НАТО өлкөлөрү Американы коргоо үчүн жардамга келбейт. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп мындай пикирин Невада штатында тарапташтарынын митингинде айтканын РИА Новости жазды.
"НАТО жөнүндө айтууну жактырбайм, бирок бизге чабуул жасалып, жардам керек болуп калса ошолордун келе калышына күмөнүм бар. Мен бул адамдарды билем. Алардын жардамга кол сунушуна ишене албайм", — деген Трамп.
Ал Украинага жардам берүүдө АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн чыгымын теңдештирүү керек деп эсептээрин айткан. Трамп "Америка 200 миллиард, Европа мамлекеттери 20 миллиард төлөп жатышын" белгилеп, бул негизи ЕБге үчүн "маанилүү экенин" кошумчалаган.
Трамп АКШны таштанды төккөн жайга окшоштурду