Кыргызстанда жылдан-жылга товардык белгилерди каттоо тенденциясы жакшырууда. Мындай чечим ишкердин укугун толук коргоп, экономиканын өсүшүндө орду чоң экендигин Рахат Керимбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасында товардык белгилер тармагында атаандаштык курч жүрөт.
"Бүгүнкү күндө кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБдин алкагында товардык белгилерин каттай алышат. Бизге көптөр товардык белгинин Россияда да, Казакстанда да корголо тургандай жолдорун айтып бериңиздер деп кайрылышат. Ошол эле учурда бир топ жылдан бери рынокто иштеп, бирок өзүнүн брендин каттабаганы үчүн алдырып жибергендер да бар. Укуктук талаада аны далилдөө кыйынга турат. Ал эми ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасында товардык белгилер тармагында атаандаштык курч жүрөт", — деди Керимбаева.
Ошондой эле адис интеллектуалдык менчикти коргоо, товардык белгилерди каттоо боюнча ишкерлердин сабаттуулугун жакшыртуу боюнча маалыматтык кампания байма-бай жүргүзүлө баштагын кошумчалады.