Бишкектеги жаңы перинаталдык борбор февралдан тарта элди кабыл ала баштайт

Ал жакта кош бойлуу аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы жаңы перинаталдык борбор ушул жылдын февраль айынан тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы жаңы перинаталдык борбор ушул жылдын февраль айынан тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт

2 / 4

Ага ылайык, борбордо кош бойлуу аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт

3 / 4

Жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн перинаталдык борбордо жогорку технологиялык медициналык жабдуулар коюлуп, заманбап операция жасоочу бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, "люкс" классындагы палаталар жайгашкан

4 / 4

Аны салууга Германия өнүктүрүү банкы колдоо көрсөткөн

Ага ылайык, борбордо кош бойлуу аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт.
Жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн перинаталдык борбордо жогорку технологиялык медициналык жабдуулар коюлуп, заманбап операция жасоочу бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, "люкс" классындагы палаталар жайгашкан. Аны салууга Германия өнүктүрүү банкы колдоо көрсөткөн.
Радио
Кыргызстанда генетикалык лаборатория ачылат