Радио

Кожошев: ЕАЭБ жалпы энергетикалык рыногуна РФ компаниясы операторлук кылат

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев ЕАЭБдин жалпы энергорыногу айтылган мөөнөттөн кечиктирилбей иштеши үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
ЕАЭБде 2025-жылы ишке кирүүчү жалпы энергорынокто борборлоштурулган соода операторун аныктап алдык, ошол эле компания каттоо кызматын да аткарат. Бул тууралуу Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай оператор болуп Россиянын "Электр энергиясын дүң сатуу рыногунун соода системасынын администратору" ААКсы ( АТС компаниясы — ред.) дайындалды.

"Соода операторун аныктоодо компаниянын иш тажрыйбасы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү эске алынды. Аталган компания өзү билемдикке барбашы үчүн ЕЭК министрлигине аны көзөмөлдөө укугу берилди. Бул энергорынок параллель системасында иштейт. Башкача айтканда, уюмга мүчө өлкөлөрдүн биринде авария болсо же таңсыктык жаралса башкалары жардамга келип, энергопродукция менен бөлүшүшү шарт. Азыркы учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Россия менен Беларусь электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттер болуп эсептелет. Бирок келечекте Кыргызстандын гидроэнергетика тармагында потенциалы жогору экенин эске алсак, бул жалпы энергетикалык рынок өлкөнүн экономикасына чоң таасирин тийгизе алары бышык", — деди Кожошев.

Ал Кыргызстан өзүнүн гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсе аталган рынокто татыктуу орунду ээлей аларын кошумчалады.