Ташиев: улут аралык ынтымакты бузам дегендер катуу жазаланат!

Атайын кызматтын жетекчиси 2010-жылдагы окуялар кайталанбай турганын убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Улут аралык ынтымакты бузам дегендер катуу жазаланат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддын Сузак районунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ал коңшу жашаган эки элди чабыштырган учурлар болгонун, мындай жагдай мамлекеттин алсыздыгынан улам келип чыкканын белгиледи.

"Буга жол да бербейбиз. Мамлекет алсыз болгондуктан эки элди чабыштырган окуялар өттү. Мусулман элбиз, бири-бирибиз менен түбөлүк бирге болобуз. Өзбек менен кыргыз жакшы жашашы керек, ошого шарт түзүшүбүз керек, биздин милдетибиз ошо. Улут болуп, жердеш болуп бөлүнбөшүбүз керек, бардык нерсе мыйзам чегинде чечилиши зарыл. Мыйзам баарыбыз үчүн бирдей", — деди Ташиев.

УКМК жетекчиси ушу тапта Өзбекстан менен талаш маселенин баары чечилгенин белгилеп, азыр Тажикстан менен чек араны тактоо боюнча иштер алдыга жылып жатканына токтолду. Анын айтымында, маселе чечилери менен чек ара ачылат.
"Коңшуну биз тандабайбыз, Алла Таала берет. Алар менен ынтымактуу жашоого милдеттүүбүз", — деди Ташиев.
Ал, мындан тышкары, күч түзүмдөрүнүн бардык иши тартипти сактоого багытталарын эскертип, эгерде кимдир бирөө пара сурап, мыйзамсыз аракеттерди жасай турган болсо кайрылууга чакырды.
Ташиев менен Ятимов чек ара маселесин бул ирет Бустон шаарында талкуулашты