БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Техас бийлиги мыйзамсыз кирген мигранттарды чыгаруу программасынын алкагында 102 миң кишини АКШнын башка штаттарына кетирди. Бул тууралуу регион губернатору Грег Эбботтун кеңсеси кабарлаганын РИА Новости жазды.
"Техас 2022-жылдын апрелинен бери Вашингтонго 12,5 миң, Нью-Йоркко 37,5 миң жана Чикагого 31,2 миң мигрантты чыгарды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, 16 миң качкын Денверге, 3,4 миң киши Филадельфияга, дагы 1,5 мигрант Лос-Анжелеске чыгарылган. Жалпы жонунан Техастан 102,1 миң киши кетти.
Аны менен бирге "Жалгыз жылдыз" операциясынын алкагында штат бийлиги тыюу салынган фентанил баңгизатынын 454 миллион дозасын жок кылып, чек арадан жарым миллион мигрантты кармап калууга жетишкен.
Техастагы миграциялык каатчылык
Техастын Улуттук гвардиясы мыйзамсыз миграция менен күрөшүүнүн алкагында Мексика менен чектешкен аймакты тикенек зым менен тоскон. Жо Байдендин администрациясы бул боюнча Жогорку сотко кайрылып, ал өз кезегинде тосмону алып салуу чечимин чыгарган. Анткен менен штаттын күч түзүмдөрү бул жакка жолду бөгөттөп салышкан.
Жума күнү тосмону алуу мөөнөтү соңуна чыгат. Губернатор Эббот мигранттар "басып киргендиктен" аймакты коргоо үчүн ушундай кадамга барганын билдирүүдө. Анын айтымында, федералдык бийлик чек араны коргой албай жаткандыктан Техас өз саясатын жүргүзө бермекчи.
Аталган штат мыйзамсыз миграция менен өз алдынча күрөшүүдө. Атайын мыйзам менен чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелген адамдар кармалып, камакка алынып, соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылып жатат.
Вашингтон Техастын мындай аракетин Конституцияга каршы келет деп баалоодо.
Эбботтун мындай кадамдарын 25 штаттын республикачы губернаторлору колдоого алды. Алар Байденге мыйзамсыз миграция менен күрөшүүнү каалабайт деп кине коюшууда. Оклахома менен Флорида штаттарынын башчылары Техаска улуттук гвардия жөнөтүүгө даяр экенин билдиришкен. Мындан тышкары, Эбботтун чечимин экс-президент Трамп колдоп жатат.