БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Кара-Суу" базарындагы "Жээнбекова ИП" базарынын ээси Кенжекан Жээнбековага эч кандай "крыша" жардам бере албайт, өзү мыйзам чегинде жооп берет. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
"Кечээ эле Кенжекан Жээнбекова деген аял коло түштү. Ал ушул жерде ("Кара-Суу" базарында) бир базарды кармап турат. Ошол аял жер салыгын төлөгөн соң базарда иштегендерди "келишимди узартпай коем, контейнерди алып салам" деп коркутуп, алардан 1000 доллардан 5-6 миң долларга чейин ай сайын өз чөнтөгүнө акча алып турган. Бирок мамлекетке бир сом салык төлөчү эмес, баары өз чөнтөгүндө калчу. Ооба, ал мамлекеттин бюджетине кол салган жок, бирок силердин, элдин чөнтөгүнө кол салып жатпайбы. Азыр анын иши тергелип жатат. Жээнбекова мыйзам чегинде жооп берет, эч кандай "крыша" жардам бербейт", — деген Ташиев.
Буга чейин ал "Кара-Суу" базары мамлекетке өтөрүн айтып, базардын ордуна соода борборлору түзүлүп, кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен керектүү жерлер берилерин убадалаган.