Путин: Россия нацизмди тамыры менен жок кылууга болгон күчүн жумшайт

РФ лидеринин айтымында, улутчулдардын Улуу Ата Мекендик согуш учурунда СССР элине каршы жасаган ар бир кылмышы иликтенет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Россия нацизмди тамыры менен жок кылууга болгон күчүн жумшайт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда СССРдеги нацисттик геноциддин курмандыктарына арналган мемориалдын ачылышында айтканын РИА Новости жазды.

"Биз нацизмге бөгөт коюп, аны түп-тамырынан жок кылуу үчүн болгон аракетибизди көрөбүз. Өздөрүн бүгүнкү күндө кандай атаса да улутчул баш кесерлердин жолу менен кеткендердин тагдыры анык", — деди Путин.

Анын айтымында, "бүтүндөй планетадагы миллиондогон адамдын эркиндикке, адилеттүүлүккө, тынчтык жана коопсуздукка умтулуусун эч нерсе токтото албайт".
Путин, мындан тышкары, улутчулдардын Улуу Ата Мекендик согуш учурунда СССР элине каршы жасаган ар бир кылмышы иликтенерин белгилеген.
"Бул маалыматтар абройлуу тарыхчылар менен окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө алынып, сотто далилденген. Мындай иштер өлкөбүздүн тынч жашап жаткан калкына каршы жасалган улутчулдардын бардык кылмышы боюнча да жүрөт", — деди ал.
Депутат: Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө жакшыраак көңүл буруу керек