Ошто Ленинград блокадачылары эскерилди. Сүрөттөр

Ленинград блокадасы 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин 872 күнгө созулган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Ош шаарында Ленинграддын блокададан бошотулушунун 80 жылдыгына карата бир катар иш-чара өткөрүлгөнүн Россиянын Оштогу илим жана маданият борбору ("Русский дом") кабарлады.
Маалыматта ага муниципалитеттин, Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, РФтин Оштогу илим жана маданият борборунун ("Русский дом"), Афган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышканы айтылат.
1 / 6

Ош шаарында Ленинграддын блокададан бошотулушунун 80 жылдыгына карата бир катар иш-чара өттү

2 / 6

Эскерүү "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу менен башталды

3 / 6

Мындан тышкары, Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында "Өмүр үчүн" иш-чарасы өтүп, анын алкагында "Нева дарыясындагы салют" аттуу архивдик материалдардын көргөзмөсү, Ош мэриясынын жаштар комитетинин колдоосу менен "Жеңиш ыктыярчылары — Кыргызстан" коомдук кыймылынын "Блокада наны" акциясы уюштурулду

4 / 6

Соңунда "Улуу согуш. Ленинград" аттуу даректүү тасма көрсөтүлгөн

5 / 6

Белгилей кетсек, Ленинградды бошотуу үчүн болгон салгылашууларда 4 миңден ашуун кыргызстандык көз жумган. Республика курчоого алынган шаарга азык-түлүк жана жылуу кийим-кече жөнөткөн.

6 / 6

Жалпысынан блокада учурунда Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган, алардын 3 миңден ашууну балдар болгон

Эскерүү "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу менен башталды.
Мындан тышкары, Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында "Өмүр үчүн" иш-чарасы өтүп, анын алкагында "Нева дарыясындагы салют" аттуу архивдик материалдардын көргөзмөсү, Ош мэриясынын жаштар комитетинин колдоосу менен "Жеңиш ыктыярчылары — Кыргызстан" коомдук кыймылынын "Блокада наны" акциясы уюштурулду. Соңунда "Улуу согуш. Ленинград" аттуу даректүү тасма көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Ленинградды бошотуу үчүн болгон салгылашууларда 4 миңден ашуун кыргызстандык көз жумган. Республика курчоого алынган шаарга азык-түлүк жана жылуу кийим-кече жөнөткөн. Жалпысынан блокада учурунда Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган, алардын 3 миңден ашууну балдар болгон.
Ленинград блокадасы 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин 872 күнгө созулган.
Ленинграддын блокададан толук бошотулганына 80 жыл. Бишкекте митинг-реквием өттү