Ленинграддын блокададан толук бошотулганына 80 жыл. Бишкекте митинг-реквием өттү

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев бейпил жашоо тартуулаган аталардын эрдиги унутулбай турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулганынын 80 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.
Иш-чара Дайыр Асанов атындагы паркта уюштурулган. Ага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, калаа башчысы Айбек Жунушалиев жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү катышып, блокадачылардын эстеликтерине гүл коюшту.
1 / 6

Бишкекте Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулганынын 80 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

2 / 6

Иш-чара Дайыр Асанов атындагы паркта уюштурулган

3 / 6

Ага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, калаа башчысы Айбек Жунушалиев жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү катышып, блокадачылардын эстеликтерине гүл коюшту

4 / 6

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко кыргыз бийлигине ыраазычылыгын билдирген

5 / 6

Ал эми калаа башчысы Айбек Жунушалиев бейпил жашоо тартуулаган аталардын эрдиги унутулбай турганын белгиледи

6 / 6

"872 күн курчоодо калган ленинграддыктар согуштун гана эмес, сууктун, ачкачылыктын да азабын тарткан. Урматтуу ардагерлер, силер жасаган зор эрдик муундан муунга даңктала берет. Жеңиш үчүн өз жанын аябай, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган аталарыбыздын эрдиги ар дайым жүрөгүбүздө", — деген мэр.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко кыргыз бийлигине ыраазычылыгын билдирген.
"Курчоодо калган Ленинграддын жана аны бошотуу тарыхы совет элинин духунун жана биримдигинин далили болуп калды. Блокададан аман калган ардагерлерге көңүл буруп, жалпы тарыхыбызды бурмалоо аракеттерин токтотуу үчүн жасалып жаткан аракеттер үчүн кыргыз бийлигине ыраазычылык билдиребиз", — деген ал.
Ал эми калаа башчысы Айбек Жунушалиев бейпил жашоо тартуулаган аталардын эрдиги унутулбай турганын белгиледи.
"872 күн курчоодо калган ленинграддыктар согуштун гана эмес, сууктун, ачкачылыктын да азабын тарткан. Урматтуу ардагерлер, силер жасаган зор эрдик муундан муунга даңктала берет. Жеңиш үчүн өз жанын аябай, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган аталарыбыздын эрдиги ар дайым жүрөгүбүздө", — деген мэр.
Садыр Жапаров Ленинграддын блокададан бошотулган күнүнө карата кайрылуу жасады