Бишкекте "Ленинград. Блокада. Кыргызстандын эсинде" аттуу концерт өттү

Бүгүн Кыргызстандын бир катар аймактарында Ленинграддын блокададан толук бошотулушунун 80 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда "Ленинград. Блокада. Кыргызстандын эсинде" аттуу концерт болуп өттү .
1 / 7

"Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда "Ленинград. Блокада. Кыргызстандын эсинде" аттуу концерт болуп өттү

2 / 7

Музыка, ыр аркылуу концерттин катышуучулары келген көрүүчүлөргө блокада менен шаарды бошотуудагы урунттуу учурларды, кыргызстандыктардын шаар тургундарынын өмүрүн сактоого кошкон салымын, блокадачылардын Кыргызстандагы жашоосун айтып беришти

3 / 7

Мындан тышкары, келгендер "Невадагы салют" деп аталган сүрөт көргөзмөсүнө күбө болушту

4 / 7

Бүгүн Кыргызстан менен бирге эле башка бир катар мамлекеттерде Ленинграддын толук бошотулушунун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар болуп өттү

5 / 7

Быйыл блокаданын үзүлгөнүнүн 81, шаардын толук бошотулушунун 80 жылдыгы белгиленип жатат

6 / 7

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргыз ССРи курчоодо калган калаага азык-түлүк жана жылуу кийим-кече жүктөлгөн үч эшелон жардам жиберген, ал эми Ленинград үчүн салгылашта 4 500 кыргызстандык каза болгон

7 / 7

Республика бул шаардан эвакуацияланган 16 миң кишини кучагына алган, анын 3500ү балдар эле

Музыка, ыр аркылуу концерттин катышуучулары келген көрүүчүлөргө блокада менен шаарды бошотуудагы урунттуу учурларды, кыргызстандыктардын шаар тургундарынын өмүрүн сактоого кошкон салымын, блокадачылардын Кыргызстандагы жашоосун айтып беришти. Мындан тышкары, келгендер "Невадагы салют" деп аталган сүрөт көргөзмөсүнө күбө болушту.
Бүгүн Кыргызстан менен бирге эле башка бир катар мамлекеттерде Ленинграддын толук бошотулушунун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар болуп өттү.
Быйыл блокаданын үзүлгөнүнүн 81, шаардын толук бошотулушунун 80 жылдыгы белгиленип жатат. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргыз ССРи курчоодо калган калаага азык-түлүк жана жылуу кийим-кече жүктөлгөн үч эшелон жардам жиберген, ал эми Ленинград үчүн салгылашта 4 500 кыргызстандык каза болгон. Республика бул шаардан эвакуацияланган 16 миң кишини кучагына алган, анын 3500ү балдар эле.
Ошто Ленинград блокадачылары эскерилди. Сүрөттөр