Кыргызстандыктарды Словакияга жөнөткөн компания мыйзамсыз иштегени аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте чет элдиктер Кыргызстандын жарандарын мыйзамсыз жол менен чет жакка жөнөтүп жатканы аныкталды. Бул туурасында Эмгек министрлигинин жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.
Аталган мекеме УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте текшерүү жүргүзгөн. Анда Словакиянын жана Казакстандын жарандары иштеткен Monto Corporation компаниясы кыргызстандыктарды Словакияга автобус айдоо жумушуна жөнөтүп турганы белгилүү болгон. Ошондой эле компания Кыргызстанда катталган эмес, чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча уруксат кагазы жок болгон.
Натыйжада укук коргоо органдары чакырылып, компаниянын ишине бөгөт коюу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү үчүн протокол түзүлгөн.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору элди алдамчылардан сак болууга чакырат. Жеке агенттикке кайрылуунун алдында кызмат көрсөтүүгө уруксат кагазы бар-жогун текшерип, эмгек келишимин жана жашоо шарттары тууралуу кенен маалымат алуу сунушталат. Чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин мыйзамдуулугун www.migrant.kg сайтынан текшерсе болот.
Радио
Кыргызстанда өткөн жылдарга караганда тышкы миграциянын агымы азайды