Бычактын түрү табылган. Чүйдө абакта чыккан чуу токтотулду. Сүрөт

Учурда абакта кырдаал туруктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №1 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери соттолуучулардын тополоңун басышты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.
Окуя 26-январда болгон. Абакта 50-60тай соттолуучу кызматкерлерге баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн.
“Абактагылардын аракетине өз убагында бөгөт коюлду. Тинтүү иштери жүргүзүлүп, топтун башкы уюштуруучусу жана үгүттөөчүлөрү аныкталды”, - деп билдирди ЖАК.
Натыйжада 11 грамм баңгизат, 22 уюлдук телефон, 120 кесе турган буюм, колго жасалган 1 литр спирт кошулган суюктук жана башка нерселер алынган.
Учурда абакта кырдаал туруктуу. Окуя боюнча тергөө жүрүүдө.
Радио
Бакетаев: абакта кылмышкерлерди кармоо тартибине реформа зарыл