Бишкекте аял "карыз өндүрүүчүлөргө" кайрылып, өзү акчасынан кол жууп калган

Шектүүлөр жасай турган жумушу үчүн акчаны алып жок болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте "карыз өндүрүү" менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкекте аял "карыз өндүрүүчүлөрбүз" деген криминалдык топко кайрылып, айрым адамдардан акчасын алып берүүнү өтүнгөн. Алар бересе адамдарга кысым көрсөтүү ыкмаларын айтышып, алдын ала жасалуучу жумушу үчүн 100 миң сом алышкан.
Бирок байланышка чыкпай жок болушат. Милиция өндүргөн акчаны кошо сиңирип кеткен эки "карыз өндүрүүчүнү" кармады. Алар мурда бир нече жолу соттолуп чыкканы айтылды.
Аялын жигиттер менен тааныштырып, аларды кайра тоноп жүргөн киши кармалды