БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы чуулгандуу жол кырсыгынан жабыркаган 11 жаштагы кыздын абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, тестиер Балыкчыдагы жалпы дарыгерлик практика борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
“Баш, көкүрөк жана ич көңдөйүнүн томографиясы жасалып, анализдер алынган. Тийиштүү дарылануудан өтүп жатат. Абалы туруктуу оор”, - деди министрлик.
Эске салсак, жол кырсыгы кечээ, 26-январда, болгон. Анда Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Транспорт Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган. Окуя чуу жаратып, кыздын атасы видеокайрылуусунда кырсыкка шаардык милициянын жетекчилеринин бири күнөөлүү экенин айтып чыккан. ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында рулда болгом деген аймактык тескөөчү менен шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасын иштен алышкан.