Балыкчыда кызды сүзүп кетти деген аймактык тескөөчү агасы экөө иштен бошотулду

Буга чейин ЖМКда кыздын атасынын видеокайрылуусу тараган, анда ал жол кырсыгына шаардык милициянын жетекчилеринин бири күнөөлүү экенин айтып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында тестиер кызды сүзүп кетти деген аймактык тескөөчү жана анын шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасы кызматтан четтетилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жол кырсыгы кечээ, 26-январда, болгон. Анда Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен, тестиер учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Транспорт Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган.

"Жол кырсыгы боюнча ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында рулда болгом деген аймактык тескөөчү менен шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасы иштен алынды. Министрликтин жетекчилиги чуулгандуу ишти көзөмөлгө алды", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин ЖМКда кыздын атасынын видеокайрылуусу тараган, анда ал жол кырсыгына шаардык милициянын жетекчилеринин бири күнөөлүү экенин айтып чыккан.
Сокулукта бири-бирин куткарабыз деген үч окуучу сууга чөгүп каза болду