Ташиев менен Ятимов чек ара маселесин бул ирет Бустон шаарында талкуулашты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов чек ара маселесин бул ирет Бустон шаарында талкуулашты
Анда кыргыз-тажик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселеси каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бүгүн, 26-январда, Согд облусунун Бустон шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөттүк делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, бул боюнча жумушчу топтордун сүйлөшүүлөрүн активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу достук маанайда өткөнү кошумчаланды.
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив
Кыргызстан аймактык жана дүйнөлүк саясаттын чордонунда. Жылды жыйынтыктоо