Сокулукта бири-бирин куткарабыз деген үч окуучу сууга чөгүп каза болду

Балдар муз тебүү үчүн көлмөгө барышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда үч окуучу сууга чөгүп каза болду.
Маалыматты жергиликтүү тургундар билдирип, кырсык балдар мектептен чыккан учурда болгонун белгилешти.
Алгач балдардын бири сууга түшүп кеткен, аны куткаруу үчүн эки окуучу артынан түшкөн. Тилекке каршы, баары чөгүп кеткен.
Милиция маалыматты тастыктап, алар 3-класстын окуучулары экендигин билдирди. Балдар муз тебүү үчүн көлмөгө барышканы кошумчаланды.
Айланма жолдогу кырсык беш адамдын өмүрүн алды