Команда менен калам деп үмүттөнөм! Штефан Таркович оюндан кийин үн катты

Таркович курама команда мындан ары да курчуй турганын, 2-3 жыл ичинде мыкты жыйынтык көрсөтөрүн убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович ата мекендик команда Азия кубогунан четтетилгенден кийин кызматында калууга үмүт артты.
"Келишим июнга чейин түзүлгөн. Команда менен калып, дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарына даярдайм деп үмүттөнөм. Биз алдыга койгон максатыбызга жеткен жокпуз. Эмне кылганыбызды, кандай ойногонубузду жана кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болгонубузду салыштырышыбыз керек", — деди Таркович.
Машыктыруучу Таиланд менен болгон беттешке ичи чыкпаганын, бирок команда андан кийинки оюндарда жакшы ойногонун белгилеген. Таркович курама команда мындан ары курчуй турганын, 2-3 жыл ичинде мыкты жыйынтык көрсөтөрүн убадалады.
Эске салсак, кечээ кечинде Кыргызстан менен Оман курама командасы беттешип, 1:1 эсеби менен тең чыккан. Мындай жыйынтык эки команданы тең плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, мелдештен четтетти. Оюндан жарым саат өтпөй Оман курама командасынын машыктыруучусу Бранко Иванович кызматынан бошотулган.
Кыргызстандын командасы буга чейин Сауд Арабиядан, Таиланддан утулуп, тайпада төртүнчү орунду ээледи.
Дохада "Ак шумкарларды" кантип тосушту. Видео