Араванда 10 гектар жерге тигүү фабрикасы курулат

Жаңы имараттын курулушуна 10 гектар жер бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ош облусунун Араван районуна текстиль фабрикасы салынат. Бул тууралуу өкмөт маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жаңы фабрикада жип ийрүү, трикотаж токуу, боёо жана тигүү цехтеринин курулушу пландалууда. Бул аракеттер пахтачылыкты өнүктүрүп, жашоочуларга жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Министрлер кабинети фабриканын курулушу үчүн 10 гектар жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер" категориясына которуу жөнүндө токтомун бекиткен.
Ноокатта саатына 80 тонна асфальт чыгарган завод курулуп жатат