БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Узаган жылы Нарын облусунда 117 карышкыр, 98 чөө атылып, мергенчилерге сый акы берилди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Мындай сый акы зыяндуу жырткычтардын санын азайтуу үчүн төлөнөт. 2016-жылды өкмөттүн токтому менен бир карышкырга 6000, чөөгө 2000 жана бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Аталган сумманын 20 пайызы киреше салыгы менен Социалдык фонд үчүн кармалат.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн башкы адиси Сагынбек Богачиев 2023-жыл үчүн мергенчилердин баарына сый акы берилип, жалпысынан 901 миң сом төлөнгөнүн билдирди. Жырткычтардын басымдуу бөлүгү Ат-Башы районунан атылган.