БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийин шайлоо 10-февралга белгиленди. Бул боюнча чечим Аалымдар кеңешинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынганынын Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Анда белгиленгендей, муфтий кызмат ордуна талапкер болууну каалагандар 27-январь күнү саат 10:00дөн баштап 6-февраль, саат 17:00 гө чейин талап кылынган документтерди Каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссиясына тапшырууга тийиш.
Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси 264/3. Муфтияттын имараты. 2 кабат, 11-кабинет.
Эске салсак, бүгүн муфтий Замир Ракиев кызматтан кетүү арызын жазган.
Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:
Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;
Төрт даана 3х4 өлчөмүндө сүрөт менен кадрларды каттоо баракчасы (байланыш маалыматтары, жашаган жеринин дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);
Паспортунун көчүрмөсү (ID карт);
Резюме (устазынын аты-жөнү, илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);
Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
Мүнөздөмө (КМДБдан же облустук/ шаардык Казыяттардан);
Жогорку диний жана жогорку светтик билимин тастыктаган документтеринин көчүрмөлөрү;
Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна талапкер үчүн коюлган талаптар:
Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө түшүнүгү болушу керек;
Матуриди акыйдасын жана Ханафи мазхабын терең билген / карманган;
Жогорку диний жана жогорку светтик билимге ээ;
Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;
КМДБнын курамында беш жылдан кем эмес жетекчилик кызматта иштеген;
Мусулман коомчулугунун, туугандарынын, үй-бүлөсүнүн арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;
Мурда соттолбогон;
Эч бир саясий партияларга жана кыймылдар менен катышы жок;
Жетекчилик, уюштуруучулук жана лидерлик сапатка ээ;
Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;
Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргыз Республикасынын жараны болушу шарт.