Жапаров: былтыр өлкөнүн ИДПсы 1,2 трлн. болуп тарыхый этаптан өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы 2030-жылга карата өлкөнүн ИДПсын 30 миллиард долларга жеткирүү мүмкүн деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстан 2023-жылы тарыхый этаптан өттү, тактап айтканда, өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомду түздү. Мындай көрсөткүч анын өсүү темпи 6,2 пайызды түзгөнүн билдирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Акылбек Жапаров айтканын өкмөттөн маалымдашты.
Жапаров Улуттук статистика комитети 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү тууралуу көрсөткүчтөрдү жарыялаганын, анда өсүү 6,5 пайыздан тогуз пайызга чейин болгонун айткан. Ошондой эле ал 2023-жылы ИДПнын өсүшү 6,2 пайыз деп табылганын, тактоолордон кийин андан да жогору болот деген ишенимин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасы 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомдон ашык сумманы түзөрүн белгилеген. 2024-жылы 600,7 миллиард сом пландалып жатат.
"Жалпысынан 2020-жылга (248 млрд.) салыштырмалуу 2024-жылы бул көрсөткүч 353 млрд. сомго көп болот. 2030-жылга карата ИДПны 30 млрд. долларга жеткирүү үчүн жыл сайын 9-11,5 пайыз өсүү темпин басып өтүү керек. Албетте, мындай темпти сактап калуу кыйын, бирок жеткирсек болот", – деген ал.
Жапаров бул максатка жетүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде жогорку көрсөткүчтөр маанилүү экенин белгилеген.
Министрлик: өлкөдө калктын кирешеси эки жылда 40%га өстү