Мамлекетке 2 млн. сом зыян келтирген. Бишкекте сот аткаруучуга иш козголду

Сот аткаруучу А.Б. аттуу соттолгон адамдын мүлкүн үч айга чейин камакка албай койгон. Бул убакыт аралагында А.Б. Бишкектеги 2 миллион 3 миң 310 сомго бааланган батирин башка адамга сатып жибергенге жетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Башкы прокуратура соттук чечимдердин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында Октябрь районунун сот аткаруучусуна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен А.Б. жана анын башка тарапташтары угузулган айыптары боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке келтирилген 310 миллион 281 миң 747 сом өлчөмүндө зыянды төлөшү керек болгон.
"Зыянды өндүрүү тапшырмасы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотундагы А.С. аттуу сот аткаруучуга берилген. Бирок ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында А.Б. аттуу соттолгон адамдын мүлкүн үч айга чейин камакка албай койгон. Бул убакыт аралагында А.Б. Бишкектеги 2 миллион 3 миң 310 сомго бааланган батирин башка адамга сатып жибергенге жетишкен. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Транспорт департаментин башкарган Уезбаев соттун чечиминен кийин иштен кетти