Радио

Кыргызстан венчурдук каржылоо аркылуу инвестициянын агымын көбөйтө алат

Президентке караштуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси Аскар Кожомкулов ички инвестицияга көңүл бурулуп, артыкчылыктары белгиленип жатканын айтты.
Sputnik
Өлкөдө инвестициялык климатты ырааттуу жакшыртуу максатында "Венчурдук каржылоо жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Аскар Кожомкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзам венчурдук каржылоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги милдеттерин аныктайт, башка чектеш тармактарга да таасирин тийгизип, бул чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салат.
"Кыргызстанда инновациялык демилгелерди колдоо, укуктук жөнгө салууну дайыма өркүндөтүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча ырааттуу мамлекеттик саясат жүрүп баштады. Бүгүнкү күндө өлкөдө инвестициялык климатты ырааттуу жакшыртуу максатында "Венчурдук каржылоо жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыкты. Венчурдук инвестициялоонун объектилери стартаптар болуп саналат. Аталган мыйзам венчурдук каржылоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги милдеттерин аныктайт. Башка чектеш тармактарга да таасирин тийгизип, бул чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салат. Муну менен биз ички инвестиция да көңүл буруп, шарттарды түзүүгө басым жасайбыз", — деди Кожомкулов.
Ошондой эле адис сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбей турганын кошумчалады.