Канттын тушунда Honda Odysseу менен бустун кагышканы видеого тартылып калган

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кант шаарынын тушундагы айланма жолдо болгон үрөй учурган кырсык видеого тартылып калган.
Буга чейин ЖКККББ жол кырсыгы тууралуу маалымат берип, анда Honda Odysseу жана Mercedes Sprinter унаалары кагышканын айткан. Видеодон көрүнүп тургандай, жеңил унаа тайгактан жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, өз багытында бараткан бус менен кагышкан.
ЖКККББ каза болгондор жана жаракат алгандар бар экенин айтып, тактоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Белгороддо кулаган учактын ичиндеги адамдардын баары каза болду