Айланма жолдогу кырсык беш адамдын өмүрүн алды

Айланма жолдо Honda Odysseу жана жүргүнчө ташыган Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү бус кагышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кант шаарынын тушундагы айланма жолдо болгон кырсыктан көз жумгандардын саны бешке жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ысык-Ата районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунун маалыматына караганда, төрт адам кырсык болгон жерде мүрт кеткен. Бешинчиси ооруканадан үзүлгөн. Андан тышкары, кырсыктан 13 адам жабыркаган.
"Төрт адам ооруканага жаткырылды. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор. Үчөөнүн абалы орточо оор. Калганы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", — деп айтылат кабарда.
Эске салсак, бүгүн, 26-январда, айланма жолдо Honda Odysseу жана Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Экинчиси жүргүнчү ташыган бус экени белгилүү болгон.
Канттын тушунда Honda Odysseу менен бустун кагышканы видеого тартылып калган