Канттын тушундагы айланма жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кант шаарынын тушундагы айланма жолдо Honda Odysseу жана Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 11:00дөр чамасында болгон. Видеодон автоунаалар талкаланып кеткени, Sprinter жүргүнчү ташыган бус экени көрүнүп турат.
ЖКККББ каза болгондор жана жаракат алгандар бар экенин айтып, тактоо иштери жүрүп жатканын белгиледи. Кошумча маалымат берилет.
Каракол — Түп жолундагы үрөй учурган жол кырсыгы. Бир жүргүнчүнүн абалы оор