Баткен: чек арадан эки кап рубль жана доллар алып кирип келе жаткан киши кармалды

32 жаштагы И.И. аткезчилик жол менен акча ташып жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Баткен облусунун Өзбекстан менен чектешкен Алга айыл аймагында кыргызстандык жарандын автоунаасынан эки капка таңгакталып салынган 11 700 000 рубль жана 110 000 доллар чыккан.
Облустук милициянын маалымат кызматынан 32 жаштагы И.И. аткезчилик жолу менен мыйзамсыз акчаларды алып өтүп жатканда кармалды деп билдиришти.
1 / 3

Баткен облусунун Өзбекстан менен чектешкен Алга айыл аймагында кыргызстандык жарандын автоунаасынан эки капка таңгакталып салынган 11 700 000 рубль жана 110 000 доллар чыккан

2 / 3

Облустук милициянын маалымат кызматынан 32 жаштагы И.И. аткезчилик жолу менен мыйзамсыз акчаларды алып өтүп жатканда кармалды деп билдиришти

3 / 3

Бул факт боюнча Баткен милициясынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин ("Экономикалык контрабанда") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын айтышты

"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө эки капка таңгакталып салынган 11 700 000 рубль жана 110 000 доллар акча далил катары алынган", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Баткен милициясынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин ("Экономикалык контрабанда") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын айтышты.
УКМК чек арадагы өткөрүү пунктунан акча чогулткан кылмыштуу топту кармады