Блокадачылардан кабар алып, жардам берген КРСУнун студенттери сыйланат

Студенттер Бишкек менен Балыкчыда жашаган блокадачылардын үйлөрүнө барып, алардан кабар алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттери Ленинград блокадачыларына жардам берүүнү улантууда. Бул тууралуу окуу жайдын ректорунун тарыхый-маданий мурас маселелери боюнча кеңешчиси Леонид Сумароков билдирди.
Ал КРСУда өткөн "Кыргызстандагы Ленинград эпопеясы. Келечек сабактары" аталышындагы тегерек столго катышкан.
"Ленинград жеңишинин 80 жылдыгынын алдында Бишкек менен Балыкчы шаарында турган блокадачылардын үйлөрүнө барып, алардан кабар алган студенттерге грамоталар тапшырылат", — деген ал.
Сумароков мындай иштер дагы да улана берерин белгилеген.
Радио
Кыргызстанда Ленинград блокадасынан аман чыккан 10 эле адам калды