Бишкекке дагы жаңы 124 автобус алып келинди. Сүрөт

Транспорт "Жашыл автобустар" долбоорунун алкагында алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкекке дагы жаңы 124 автобус келгенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкекке дагы жаңы 124 автобус келгенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады

2 / 4

Билдирмеге караганда, бүгүн ордо калаада "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасына жаңы автобустарды расмий тапшыруу аземи өттү

3 / 4

Иш-чарага калаа жетекчилиги жана долбоорду каржылаган тараптардын өкүлдөрү катышкан

4 / 4

Транспорт "Жашыл автобустар" долбоорунун алкагында алынганы айтылды. Мэриянын маалыматы боюнча, каражаттын жарымы насыя, жарымы грант болуп эсептелинет.

Билдирмеге караганда, бүгүн ордо калаада "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасына жаңы автобустарды расмий тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага калаа жетекчилиги жана долбоорду каржылаган тараптардын өкүлдөрү катышкан.
Транспорт "Жашыл автобустар" долбоорунун алкагында алынганы айтылды. Мэриянын маалыматы боюнча, каражаттын жарымы насыя, жарымы грант болуп эсептелинет.
Бишкекте эртеңден тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет