БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Тарых кайра жазылганда жаштардын баалуулугу алмашат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору, профессор, Ишенаалы Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова билдирди.
Ал КРСУда өткөн "Кыргызстандагы Ленинград эпопеясы. Келечек сабактары" аталышындагы тегерек столго катышкан.
"Отуз жылдан бери айрым фактыларга, тарыхый окуяларга көңүл бурулбай, биздин баалуулуктарды өзгөртүүгө аракеттер жасалууда. Тарыхты кайра жазуу болуп, мындан улам жаштардын баалуулугу өзгөрүп жатат. Бул постсоветтик мейкиндикте чыр-чатакка алып келет. Биз мындайга жол бербешибиз керек, маалыматтык согуш жүрүп жатат", — деген Койчуманова.
Ал мындай иш-чараларды бир гана КРСУда жана белгилүү бир даталарда гана эмес, башка учурларда, башка жактарда да өткөрүү керектигин белгилеген.