27-январга карата аба ырайы

27-январга карган түнү Чүй, Жалал-Абад, Нарындын тоолуу аймактарында кар жаайт. Өлкө аймагынын көпчүлүк жерлерине туман түшөт. Жолдор тоңуп тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 0...5, Талас жергесинде 2...7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 7...12, Ысык-Көл чөлкөмүндө 1...6, Нарын аймагында жана -2...-7 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 3...5, ал эми Ош шаарында 9...11 градуска чейин жетет.
Кыргыз-кытай чек арасында түндөн бери дагы 4 жолу жер силкинди