Жакынкы чет мамлекеттердин лидерлери кайсы ЖОЖдон окуган

Бүгүн, 25-сентябрь — Студенттер күнү. Азыркы учурда мамлекет башкарып тургандар да бир кезде студент болушкан.
Sputnik
Окурмандарга жакынкы чет мамлекеттердин лидерлери жогорку билимди кайсы жактан алганы тизмектелип жасалган инфографиканы тартуулайбыз.
Президенттердин бир даары Россиянын ЖОЖдорунун студенттери болушкан. Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтунан (университет) окуган. Абхазия президенти Аслан Бжания Москвадагы автомобиль-жол боюнча мамлекеттик техникалык университетин бүтүргөн.