Пресс-борбор

Мамкурулуш "Таза суу" ишканасын түзүүнү сунуштоодо

Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мамлекеттик "Таза суу" ишканасын түзүү сунушталууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализацияны өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Шайыргүл Орозбакиева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "2024-жылда боло турган суунун тартыштыгын кантип алдын алуу керек" деп аталган брифингге катышкан.
""Эгер курулган суу түтүктөрү техникалык жактан туура эксплуатацияланбаса алар ээсиз калып, жараксыз абалга келет. Бул маанилүү маселе. Тарифтин төмөндүгүнө байланыштуу да дотацияда турган көптөгөн айыл өкмөттөрү, айылдык жамааттар суу түтүктөрүн иштете албай жатышат. Ошондуктан мамлекеттик ишкана түзүү керектигин айтып, министрлер кабинетине сунуш киргизип жатабыз", — деген Орозбакиева.
Сууну товар катары кароо мезгили келди. Министрдин орун басары менен маек