“Сапатта” окуучу кайсы “күнөөсү” үчүн сабалганы маалым болду

Учурда башка окуучулардын ур-токмокко алынган-алынбаганы текшерилип, тергөө башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. – Sputnik. Баткен ОИИБи Кызыл-Кыядагы “Сапат” лицейинин мугалими окуучуну эмне үчүн сабаганын кабарлады.
Маалыматка караганда, 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим 16 жаштагы окуучуну уктоочу бөлмөдө достору менен отуруп катуу күлгөндүгү үчүн коридорго алып чыгып, бетке урган. Окуя 22-январь күнү саат 22:30дар чамасында болгон.
Өспүрүмгө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, мугалим милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка окуучулардын ур-токмокко алынган-алынбаганы текшерилип, тергөө башталды.
Буга чейин социалдык тармакта эркек киши окуучуга кол көтөрүп, уруп-согуп жаткан видео тараган. Анда окуя Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" кыргыз-түрк лицейинде болгону жазылган. Облустук милиция аталган факт Бирдиктүү реестрге катталганын билдирип, териштирүү жүрүп жатканын кошумчалаган. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы министрликтин өкүлдөрү тез арада ал жакка барарын билдирген. Лицейдин администрациясы окуяга байланыштуу мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан алынганын кабарлаган.
Ала-Букада мугалим окуучусуна 17 ирет ийне сайган. Окуя териштириле баштады