Садыр Жапаров 2020-жылдагы Октябрь окуясында Көлбаев кимди колдогонун айтты

Мамлекет башчы "криминал Садыр Жапаровду колдоп жатат" деген маалыматтарга эл ишенбей, жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен президенттик кызматка шайланганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. 2020-жылдагы Октябрь окуясында Камчы Көлбаев Сапар Исаковду колдогон. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Журналист Октябрь окуясында кримтөбөл Камчы Көлбаев Жапаровго колдоо көрсөткөнүн соцтармакта жазгандар болгонун айтып, анын чын-төгүнүн сураган.
"Ал мени эмес, Сапар Исаковду колдогон. Ага толук далилдер бар. Ошол мезгилде эле Камчы Көлбаев Сапар Исаковду колдоп жатканын билгенбиз. 6-октябрь күнү Исаковго "Атамбаев экөөңөр мына ушул унаа менен жүргүлө" деп сооттолгон Mersedes машинасын белек кылган. 8-октябрь күнү Көлбаев жеке өзү кримчөйрөнүн балдарына "Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула" деген кабар таратып, буйрук берген. Биз андай маалыматтарды ИИМдин атайын бөлүмү аркылуу телефон сүйлөшүүлөрүнөн угуп турганбыз", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы "криминалдар Садыр Жапаровду колдоп жатат" деген маалыматтарга эл ишенбей, жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен президенттик кызматка шайланып калганын кошумчалаган.
Сапар Исаковго кымбат унаа берген. Көлбаевдин тобунан делген балбан кармалды